Ошто мас абалында унаа айдаган жаран кармалды

Ошто мас абалында унаа башкарган адам кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа жол эрежесин бузгандыктан кайгуул кызматкерлери артынан кууп жетип токтотушкан. Текшерүү учурунда 1967-жылы туулган Т.О. аттуу айдоочу унаасын мас абалында башкарып жүргөндүгүн аныкташкан.

Айдоочу эки тилке чийинди кескендиги жана мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 2 протокол толтурулуп, унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан