Ошто эл аралык мелдеште байгелүү кайткан спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Ош шаарында күрөш боюнча дүйнөнүн күмүш медалынын ээси Билол Шарип уулу менен кикбоксинг боюнча чемпион Аброр Хакимовду салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 3-августта Ош шаарындагы эл аралык аэропортто эркин күрөш боюнча дүйнөнүн күмүш медалынын ээси (U-17) Билол Шарип уулу менен кикбоксинг боюнча К-1 чемпиондук курунун ээси Аброр Хакимовдун салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү.

Салтанаттуу жыйынга шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, кесиптештери, машыктыруучулары, спортчулар жана чемпиондордун жакындары катышты. Аброр Хакимовду патрулдук милициядагы кесиптештери, ата-энелери, жакындары, спортчулар жана машыктыруучулар куттукташты. Ал эми Билол Шарип уулун да жакындары, спортчулар жеңиши менен салтанаттуу куттукташты.

Эске салсак, эркин күрөшчү Билол Шарип уулу бир күн мурун Римде өткөн 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 60 килограмм салмакта 2-орунду ээлеген. Катары менен 4 жеңишке жетишкен Шарип уулу финалда Ирандын спортчусуна 4:5 эсебинде жеңилип калды. Аброр Хакимов бир күн мурун Түркияда өткөн кикбоксинг боюнча K-1 эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан