"Эрдоган сөз сүйлөп, учактар учуп..". Ислам шериктештиги оюндарынын ачылышы кандай өттү? (фото)

Түркиянын Конья шаарында Ислам шериктештиги оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, спортчулардын парады өттү.

Кыргыз Республикасынын желегин Кыргызстан курама командасынын капитаны Атабек Азизбеков жана Айнуска Калил кызы көтөрүп чыгышты. Ал эми Ислам шериктештиги оюндарынын желегин Түркиянын белгилүү спортчулары алып өттү.

Салтанаттуу ачылыш аземге Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган катышып, Ислам оюндарын ачык деп жарыялады. Мындан сырткары концерт шоу-программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, Ислам шериктештиги оюндары 5-жолу өтүп жатат. Жалпы 56 өлкөдөн 4 миңден ашуун спортчу катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан