Милиция "Азия молл" соода борборундагы эвакуация боюнча маалымат берди

Бишкектеги "Азия молл" соода борборунун жер төлөөсүндөгү унаа жуучу жайда Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын астынан РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө таянсак, 11-августта саат 13:56да "Азия Молл" соода жана оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган.

Аталган факты Ленин РИИБинин маалыматтар журналына катталып, тергөөгө чейин текшерүү башталды. Табылган буюмдун тиешелүүлүгүн аныктоо үчүн зарыл экспертизалар дайындалды.

Учурда ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Маалымат үчүн:

11-августта "Азия молл" соода борборунда бомба бар делинип, ичиндеги адамдар эвакуацияланган. Көп өтпөй соода борборуна барган ишкердин унаасынын астынан граната табылганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан