Балыкчы шаарында экстремизмге каршы лекция өттү

Балыкчы шаарында Ысык-Көл ОИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан диний экстремизм жана террорчулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында аксакалдар соту, пробация департаментинин аймактык өкүлү, “Багыт кризистик борборунун” өкүлдөрү, имам жана Балыкчы шаарынын ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын арасында лекция болуп өттү.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстанда экстремисттик деп табылган жамааттар жөнүнүндө түшүнүк, алардын мыйзамсыз жүргүзгөн ишмердүүлүгүн жана айырмачылыгын аныктоо, ошондой эле алардын өзгөчөлүгү жана башка маселелер жөнүндө кеңири баарлашуу болуп өттү.

Лекция - жарандардын экстремисттик идеологияга болгон чыдамсыздыгын, радикалдык бирикмелерге жана агымдарга карата терс мамилелерин калыптандыруусун, мыйзамсыз куралдуу топтордун катарын толуктоонун заманбап технологияларына каршы аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган.

Мындай жолугушуулар облустун башка райондорунда жана шаарларында уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан