Нарын облусунда милиция кызматкерлери мал кайтарып жүрөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
19-август күнү Аида Абдырахманова аттуу интернет колдонуучу Нарын облусунун Хутор-Ак-Талаа айылында милиция кызматкерлери элге ок аткан жарандын малын карап жүргөндүгүн жазган.
"Бул үй-бүлөнү милиция өздөрү кайтарып, жылкыларын сугарып, малын карап жүргөнү таң калдырат. "Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" дегендей качантан бери милиция кызматкерлери чабандын милдеттерин да аткарып калышкан? Бул маселе өтө дыкат тергелиши керек", - деп жазган ал.
Бул боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгы үн катты. Облустук милиция кызматкерлери аталган айылда коомдук коопсуздукту гана камсыз кылып жаткандыгын билдирди.
"Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Бүгүнкү күндө Нарын районунун Хутор Ак-Талаа айылында катталган кылмыш иштери боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат жана милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иш алып барууда. Нарын милициясы кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында ар кандай иш-чараларды уюштуруп, милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу айыл аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп жазылат билдирүүдө.
7-июль күнү Хутор-Ак-Талаа айылында жер талашуудан улам ок атылып, алты адам жаракат алган.