Орусияда жол кырсыгында каза болгон 22 жаштагы Шекербектин агасы: "Үй-жайды оңдоп анан үйлөнөм деген ою бар эле"

Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгында каза болгон 22 жаштагы Шекербек Жуманалиев Орусияга 2021-жылы кеткен. Бул тууралуу анын агасы Абдумажит Таштанбеков (ред.; атасынын агасы) билдирди.

Анын айтымында, Шекербек Жуманалиев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кызыл-Жар айылынын тургуну.

"Шекербек үй-бүлөдө 4 бир тууган. Үч бала, бир кыз. Үйдө экинчи бала болчу. Эжесин турмушка узатып, үй-жайды оңдоп анан үйлөнөм деген ою бар эле. Кагылайын, эч кимге жамандык кылбаган тың, жакшы бала болчу.

Орусияга иштейм деген жакшы ниет менен 2021-жылы май айында кеткен. Ал жакта ар кандай жумуштарда: курулушта, фирмаларда, жеткирүү кызматында иштеп жүрдү. Ата-энесине жардам кылып акча салып турчу.

Айылыбызда эң негизги дарбыз өстүрүп тиричилик кылышат. Быйыл өзү Кызыл-Жар айылында кыйынчылык иш болбодубу. 80 пайыз дыйкан чыгашага учурап, анын айынан көпчүлүгү Орусияга кетти.

Буга чейин ата-энеси дыйканчылык кыл деп чакырышкан. Дыйканчылык деле бир жыл болуп, биринде ойдогудай болбой калат экен деп кичине каражат чогултуп үйлөнөм деген болчу.

Кирди-чыкты документ жасатам деп кырсыкка туш болуп отурат. Маңдайына жазган экен да. Атайылап бирөө кылган жок.

Бүгүн саат 10:00 чамасында Шекербектин сөөгү жерге берилди", - деди ал.

Ошондой эле Шекербектин апасы дагы Орусияда эмгектенерин, кырсык тууралуу WhatsApp группаларынан кабардар болгонун кошумчалап өттү.

Маалымат үчүн: 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМга, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган. 23-август Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланган. Жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү Ошко алып келинген. Алардын жакындарына президенттин фондунан 300 миң сомдон кенемте берилет.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан