Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгынан соң ооруканага жаткырылган 29 жаштагы Таалайбек Абдусалим уулунун учурдагы абалы жакшы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын атасы Абдусалим Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, Таалайбек Абдусалим уулу Ош облусунун Ноокат районундагы Муркут айылынын тургуну. Ал жол кырсыгына жубайы экөө кабылган. Жубайы Диана Бекмурзаева бул үрөй учурган жолдогу каргашадан каза болгондордун бири.
"Уулум үй-бүлөдө 4 бир тууган. Эки бала, эки кыз. Таалайбек үйдүн эң улуусу.
Иним ошол жакта эле, андан сурасам уулумду бүгүн палатага чыгарыптыр. "Кирсем уктап жатыптыр, ойготкон жокмун, анан кирем деп кайра чыктым" деди. Айтымында, абалы жакшы. Башка кабарым жок. Интернеттен эле көрүп жатабыз, иним маек бериптир.
Уулум 2019-жылы үйлөнгөн, бир кызы бар. Жакында эки жашка чыгат. Келиним экөө былтыр иштейбиз деп кетишкен. Кырсык болордун астында келинимдин апасы сүйлөшүптүр. Кийин чалса телефондору өчүк экен", - деди Абдусалим Абдыкадыров.
Ал эми Таалайбектин агасы Абдиталип Абдыкадыров (ред.; атасынын иниси) менен байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Жол кырсыгы катталган күндөн бери бул жактамын. Бүгүн Таалайбекти жандандыруу бөлүмүнөн палатага которду. Кудайга шүгүр, жакшы эле, өзүн билип жатат. Тааныйсыңбы десем, тааныйм дейт. Көп деле сүйлөбөйт, унчукпай эле жатат. Сынган жерлери бар, операция кылабы, кылбайбы аны айтыша элек. Жубайынын каза болгонун угуза элекпиз", - деди ал.
Маалымат үчүн: 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.
Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМга, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган. 23-август Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланган. Жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү Ошко алып келинген. Алардын жакындарына президенттин фондунан 300 миң сомдон кенемте берилет.