Баткенде зордукталып, өлтүрүлгөн кыздын ата-энесинин Орусияга кеткенине 20 гана күн болгон. Кыз таенесинин колунда калган. Ага чейин ал ата-энеси менен чогуу жашаган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын атасынын бир тууганы Үсөн Мурзадиллаев билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда кыздын ата-энеси миграцияда жүргөнү, ал кароосуз калганы тууралуу маалыматтар тараган болчу. Бул маалымат чындыкка дал келбейт дейт Мурзадиллаев.
Каза болгон кыз үй-бүлөдө жалгыз кыз болгон. Аны окуя болгон күнү эртең мененки саат 9:30да жеңелери көргөн. Акыркы жолу саат 10дор чамасында инстаграм баракчасына кирген.
"Окуя болжол менен саат 11-12лер чамасында болгон. Ата-энесинин азыркы абалын сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз болчу. Кызыбызды зордуктап, өлтүргөндөр кошуна айылдын балдары деп айтышты. Шектүүлөрдүн бирөө үй-бүлөлүү, бала-чакалуу экен. Мен аларды, ата-энелерин дагы тааныбайм. Окуя күндүз болуп, аны бир да жан байкабай калганы өкүнүчтүү. Биз бул суук кабарды милиция кызматкерлеринен уктук. Кызыбыздын жакындары, ата-энеси күнөөлүүлөр жазасыз калбай, мыйзам астында сөзсүз жооп беришин талап кылабыз", - дейт кыздын атасынын бир тууганы.
Кыздын сөөгү кечээ, 5-сентябрда жерге берилген.
4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Холмион айыл аймагынын Ноогардан айылында саат 15-25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде кыздын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган.