Бүгүн, 10-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков (87 кг) алгачкы атаандашын 10:0 эсебинде жеңди.
Ал бразилиялык балбан Сантияго Брандао менен күч сынашты.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда, алардын үчөө кыздар.