Дүйнө чемпиондугу: Амантур Исмаилов коло медалга ээ болду

Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду.

Спортчу 67 килограмм салмак категориясында беттешке катышты. Ал 1/16 финалдан баштап алгач венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда ирандык балбанга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда атаандашы чыкпагандыктан коло байге үчүн беттешке чыкты.

Чечүүчү 3-орун үчүн күрөштө Амантур Исмаилов грузиялык атаандашын 18:8 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан