Өкмөт: Мелис Мырзакматов алдыдагы мэр шайлоого байланыштуу кызматтан алынды

Бүгүн, 5-декабрда өкмөт Мелис Мырзакматовду кызматтан бошотулуусу Ош шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу экенин билдирди. Жаңы шаар башчысы шайлангыча мэрдин милдетин Алимжан Байзаков аткарат. Азырынча шайлоо өтүүчү күн белгилене элек.
Эске салсак, Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңештеги шайлоодон кийин, 2012-жылдын март айынан тарта мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген. "Милдетин аткаруучу деген статус - өкмөт башчы шаардык кеңеш менен макулдашпай туруп, мэрди кызматтан четтете алат дегенди түшүндүрөт",- деп билдиришти өкмөттөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан