Сүйүнчү! Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатында коло утту

Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Коло үчүн күрөштө Акматалиев индиялык Навин аттуу балбан менен килем үстүнө чыгып, 4:1 эсеби менен жеңишке жетишти.

Акматалиев 70 килограмм салмакта дүйнө чемпионаттын 1/8 финалынан баштап күчүн сынаган. Ал алгач молдавиялык балбанды 14:2, анан болгариялык спортчуну 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Анда Эрназар япониялык Таиши Нарикуниге 10:11 эсебинде жеңилип, коло үчүн кармашка чыккан.

Дүйнө чемпионатына 18-сентябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Акматалиевдин жеңишин кошкондо Кыргызстандын куржунунда төрт медаль болду. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков алтын жана Амантур Исмаилов коло уткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Аkjol18
2022-09-17 11:27:00
Азаматсың Эрназар,артынан көптөгөн алтындарды артынып кел.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан