Индонезияда футболдон кийин стадиондо каза болгондордун саны 174кө жетти

Индонезиянын Маланг шаарындагы "Канжурухан" стадионунда болгон оюндан кийинки тополоңдон каза болгон адамдардын саны 174кө жетти. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, стадиондогу тополоңдон каза болгондордун саны 174кө жетти. Ошондой эле 100дөн ашуун адам ооруканада жатат. Алардын 11инин абалы оор.

Маланг шаарындагы стадиондогу трагедия бүгүн, 2-октябрга караган түнү өткөн “Арема” жана “Персебая” командаларынын беттешинен кийин (2:3) болгон. Жеңилген клубдун күйөрмандары талаага чуркап чыгышып, полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Мындан улам стадиондогу эл дүрбөлөңгө түшүп, көпчүлүк адамдар тепселендиде калган.

Индонезияда футболдон кийин стадиондо 127 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан