Бүгүн, 6-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк жылмаюнун күнү.
Бул күн америкалык сүрөтчү Харви Бэллдин чыгармачылыгына байланыштуу. Харви Бэлл чыгармачылыгы менен башка сүрөтчүлөрдөн өзгөчө айырмаланбаган, XX кылымдын ортосунда жашаган адам болгон. Ал деле башкалардай сүрөтүн тартып, сын көзгө да кабылбай, чыгармалары да ашыкча шыктанууну деле жараткан эмес. Күндөрдүн бир күнү "State Mutual Life Assurance Company of America" камсыздоо компаниясы ага ишкананын визиттик карточкасын даярдап берүүнү өтүнүп кайрылган.
Сүрөтчү көпкө ойлонбостон азыркы интернет колдонуучулары "быйтыкча" деп атап алган өңүнө күлкү толгон сары жүздү сунуш кылган. Сүрөт компаниянын купулуна толуп, 1963-жылы ал чыгармасы үчүн маяна алып, "быйтыкча" дүйнөгө жайылып кеткен. Күлкүнүн күнү 1999-жылы белгиленип, ал коомчулуктун колдоосуна алынган.
6-октябрдын жылнаамасы.