Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында уруксат берүүчү документтери жок өндүрүштүк цехтин курулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдаланууга арналган кампа тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жаткан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында «ЭкстраВент» ЖЧКсына карата акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле компанияга 200 миң сом айып салынды.
Департамент курулуш иштерин баштоодон мурда тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерди алуунун зарылдыгын эскертти.