Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен JICA саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Бүгүн, 26-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарында Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жогорку Кеңештин маалыматына ылайык, жолугушууда саламаттык сактоо, билим берүү, инфраструктураны жакшыртуу жана аймактарды колдоо багыттарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев JICA'нын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ачылганына быйыл 25 жыл болгонун белгилеп, агенттиктин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулду. Төрага Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана башка аймактарда медициналык жабдууларды жаңылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгилеп, кызматташтыкты өлкөнүн бардык аймактарына жайылтууга кызыкдар экенин айтты.

Ошондой эле Кыргызстанда позитрондук-эмиссиялык томографияны компьютердик томография менен айкалыштырган ПЭТ-КТ технологиясын киргизүү маселесин көтөрдү. Ал онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү демилгелерин биргелешип ишке ашырууга, заманбап медициналык шаарча долбооруна жапон адистерин жана компанияларын тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, медициналык жабдууларды сатып алууну каржылоо, гранттык жана насыялык колдоо көрсөтүү, ошондой эле заманбап технологиялар менен иштей турган адистерди даярдоо маселелери талкууланды.

Жолугушууда адамдык капиталды өнүктүрүү багыты да каралды. Марлен Маматалиев JDS программасынын алкагында 300дөн ашуун кыргызстандык мамлекеттик кызматкер Японияда билим алганын белгилеп, бул багыттагы кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн айтты.

Ошондой эле Кыргызстандагы япон ыктыярчыларынын ишмердүүлүгү жана аймактарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун жыйынтыктары талкууланды.

Өз кезегинде Акихико Танака Кыргызстан JICA үчүн маанилүү өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан