АКШнын президенти Дональд Трамп Сомалини «дүйнөдөгү эң начар өлкө болушу мүмкүн» деп атап, өлкөдө киши өлтүрүүлөр жана кемелерге кол салуулар болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Мичиган штатында өткөн митингде Демократиялык партиянын өкүлү, конгрессмен Ильхан Омарды сындап жатып айткан.
Трамптын айтымында, Сомалиде өкмөт да, полиция да жок. Ал өлкөнүн тургундары бири-бирине кол салып, атышуулар менен алектенерин белгилеген.
«Аларда өкмөт жок, дегеле эч нерсе жок. Болгону киши өлтүрүүлөр менен алектенишет. Адамдарды өлтүрүп, кемелерге кол салышат жана аларды барымтага алып, кун талап кылышат», — деген Трамп.
Ильхан Омар Сомалиде төрөлгөн. Анын үй-бүлөсү жарандык согуш башталгандан кийин Кенияга качып, 1995-жылы АКШга көчүп барган. 2000-жылы Омар АКШнын жарандыгын алган. Ал 2018-жылы Конгресске шайланган алгачкы мусулман аялдардын бири болгон.
Омар буга чейин Трамптын миграциялык саясатын бир нече жолу сындаган. Өз кезегинде АКШ президенти аны депортациялоо мүмкүнчүлүгү тууралуу да билдирген.
2026-жылдын октябрь айында америкалык укук коргоо органдары Омарга байланыштуу иммиграциялык мыйзамдардын мүмкүн болгон бузулушун иликтөөнүн алкагында Вашингтондогу үйүндө тинтүү жүргүзгөнү кабарланган. Конгрессмен коюлган айыптоолорду четке кагып, иликтөөнү саясий куугунтук деп атаган.