Чаткалда шахтадан газ чыгып 24 жаштагы жаран каза болду

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шахтадан газ чыгып бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 11-октябрга караган түнү болгон.

"Түнкү күнү саат 02:29 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кен өндүрүүчү ишкананын инженеринин кайрылуусуна ылайык, шахтанын ичинде газ чыккандыгы кабарланган. Шахта ичинде калып калган жаранды куткарууга 9 куткаруучу тартылган.

Кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы М у Т аттуу жарандын сөөгү табылган. Куткаруучулар сөөктү алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан