Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү.

Иш-чара учурашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү менен башталып, ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана АӨИЧК мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган аймактык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди кубаттай турганын белгиледи.

Мындан тышкары, ушул эле күнү Астана шаарында Садыр Жапаровдун, Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот.

Ошондой эле эртең, 14-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана "Борбор Азия+Орусия" мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан