Ысык-Көлдө тоого эс алууга чыккан Орусиянын жарандары дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-октябрда Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Орусиянын 2 жараны байланыш жок дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
"Аталган капчыгайга 4 куткаруучу барган жана болжолдуу даректен аталган эс алуучуларды табышкан эмес. Мындан улам жерге жарык киргенде издөө-куткаруу ишин улантуу үчүн болжол менен саат 4тө кайтып келишкен. Бүгүн кайрадан жерине саат 07:25те 3 куткаруучу чыгып кетти", - деп айтылат маалыматта.
Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилерин билдиришти.