SUPER.KG'нин каарманы Саламат Акматалиевдин операциясына акча чогултулуп бүттү. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
"Аябай кубанып жатам. Операция Түркия мамлекетинде жасалат. Керектелүүчү сумма толугу менен чогулуп бүттү. 26-октябрга билет алдык. SUPER.KG порталына, жалпы кыргыз элине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Буюрса, операция ийгиликтүү өтүп, аман-эсен мекенибизге кайтып келип, жакшылыкта көрүшөлү", - деди Саламат.
Саламат Акматалиев сколиоз (омуртканын кыйшайып өсүүсү) оорусу менен жабыркайт. Операция үчүн 18000 доллар керектеле турганы айтылган. Бүгүнкү күндө аталган сумма толугу менен чогултулуп бүткөн.
Белгилей кетсек, Саламат Акматалиев SUPER.KG порталы аркылуу мындан эки ай мурда кыргыз элинен жардам сурап кайрылган.