Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин колдонгон айрым буюм-тайымдары, кол жазмалары Улуттук тарых музейине экспонат катары өткөрүлдү.
Маалыматка караганда, тарых музейинин кызматкерлеринен турган атайын комиссия Элмирбек Иманалиевдин маданий жайга өткөн буюмдарын иргеп чыгып, андан соң ага арналган стенд ачылат. Музейге акындын комузу, чапаны, калем сабы, наам-сыйлыктарынын тастыктамасы, кол жазмалары жана архивдик сүрөттөрү өттү. Арасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов акынга белек кылган чапан да бар.
Заманыбыздын залкары 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон.
Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына ырдап чыккан. Элмирбектин таланты тууралуу кабар белгилүү төкмө акын
Тууганбай Абдиевге жетип, жаш өнөрпозду борборго алдырган.
Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык "Сейтек" борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмө акындардын мектебине айланган республикалык "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган фонддо 5 жыл төрагалык кызмат аткарган. Иманалиев көп өнөрдү аркалагандардын бири болчу. Өмүрү өткөнгө чейин "Айтыш" коомдук фондунун акындар мектебинин устаты болгон.
Ырчы, обончу катары "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" аттуу чыгармалары менен белгилүү болуп, элдин сүймөнчүгүнө айланган.
Булардан сырткары, Манас баштаган жана башка дастандарды айтып, бир катар эл сүйүп уккан обондорду жараткан. Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан бери бир канча ирет айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси.
Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде
42 жашында дүйнөдөн кайткан.