Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.
Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда ведомстволор аралык комиссия тарабынан тиешелүү мониторинг жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрга караган түнү саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду.
Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча, 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3 килограмм 900 грамм, бою 54 сантиметр.
.