Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна макулдук берүү боюнча комитеттин чечимине кол койбогондугум үчүн комитет төрагалыгынан алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков 20-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.
"Алар (ред: депутаттар) комитеттин чечимине кол коюшуңуз керек, эгер кол койбосоңуз биз ушундай чечим чыгарабыз деп чечишти. Бардыгын регламент боюнча алып бардым, менден эч кандай катачылык кеткен жок. Кагаздар, тиешелүү документтер берилген жок деп жарыя кылгам. Ага карабай күн тартибине ушул маселе кечинде киргизилген. Ошол күнү (ред: келишимдин долбоору комитетте каралганда) тиешелүү кагаздарды бизге көрсөткөн жок", - деди ал.
Айдарбеков 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан кетүүгө даяр экенин билдирген. Анда ал комитет төрагалыгынан кетишиң керек деген сөз айтылып жатканын билдирген, бирок ким тарабынан айтылганын ачыктаган эмес. Айрым ЖМКлар "Айдарбеков Байсаловдун сөзүнө намыстанып комитет төрагалыгынан кетүүдөн баш тартты", - деп жазып чыгышкан.
Ага чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чыңгыз Айдарбековду популисттик кылып жатат деп сынга алган. Ал Айдарбеков каршы добуш берсе да, комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү экенин айтып, мындай аракетин курулай популисттик деп баалап, компетентсиз экенинен кабар берерин белгилеген. Ага Айдарбеков эртеси күнү парламент трибунасында жооп берип, эл өкүлүнө одоно мамиле жасап жатканын белгилеп, муну мамлекеттик кызматкердин сабатсыздыгы катары сыпаттаган.
10-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңешке алып келген. Жыйын ачык өткөн, бирок Ташиевдин өтүнүчү менен аудио, видео жаздырууларга тыюу салынган. Атайын кызматтын төрагасы жыйында буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтымында, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 699 гектар жер алат, анын ордуна Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер Өзбекстанга өтөт, жалпы жонунан Кыргызстандын аянты 15 806 гектарга кеңейет.
Келишимдин долбоорун Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык караган. Жыйындан соң 6 депутат макул, 4 депутат каршы болгондугу маалым болгон. Аталган комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү тиешелүү документтерди толук көрбөгөндүктөн каршы добуш бергенин айткан. Кийинчерээк комитеттин чечимине дагы кол койбой турганын билдирген эле.
20-октябрда Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан бошотулду. Аны кызмат ордунан чакыртып алуу боюнча токтом долбоору 42 "макул", 17 "каршы" добуш менен колдоо тапты.
Ошол эле күнү аталган комитеттин төрагасы болуп Улан Примов шайланды. Жашыруун добуш берүүдө анын талапкерлиги 70 макул, 1 каршы добуш менен колдоо тапты.