Төкмө акын Болот Назаров бир айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан маалымдашты.
Кабарлангандай, кечээ, 9-ноябрда Москва райондук соту Назаровдун баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ага ылайык, ал 9-декабрга чейин №1 тергөө абагында болот.
Белгилей өтсөк, Болот Назаров ат уурдоого шектелип кармалган. Журналист Олжобай Шакир ал Беловодское айылындагы тойго чакыруу менен барганын айтып чыккан.