Төкмө акын Болот Назаров милиция тарабынан кармалышы боюнча өзүнүн билдирүүсүн жарыялады.
Анда ал уурдалган делген атты эл мингизгенин, аттын ээси менен жакшы эле сүйлөшкөнүн билдирди.
"Аттын ээси тескерисинче мага ыраазы болуп, тосмо арыз жазам деп жаткан. Анан аны атайын эле жаздыртпай коюшту. Ал атты эл мингизген, мен уурдап алган эмесмин. Атты мага мингизди го деп кубанганымдан эле чаап кеткем. Эртеси эле "бул атты издеп жүрүшпөйбү" дегендеринен ээсине издеп барып бердим. Ал бала деле мага "аттын сырларын айта жүрүңүзчү, айгыр салып калсам бир кулун берем" деген. Экөөбүз жакшы эле сүйлөшүп кеткенбиз", - деди Болот Назаров.
Ошондой эле Болот Назаров тойго жылкы мингизебиз деп той ээлери чакырганын кошумчалады.
"Өзүңүз элестетсеңиз, мен бирөөнүн атын уурдачу кишиминби? Бөлөк бирөө болсо дагы башка кеп, мени таап алышат го дейм. Кыскасы, аман эле болушсун", - деди Болот Назаров.
Белгилей кетсек, кечээ, 9-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Болот Назаров тоноочулукка шектелип кармалгандыгын билдирген. Кийинчерээк Москва райондук соту аны бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.