Бишкектеги 7 көчөнүн кесилишине жаңы жол чырактар орнотулат (Тизме)

Бишкек шаарындагы 7 көчөнүн кесилишине жаңы жол чырактар орнотулат. Мындай иш-аракеттер жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу үчүн жасалууда.

Калаа бийлиги маалымдагандай, жол чырактар ноябрдын аягына чейин бүткөрүлүп, ишке киргизилет.

Жол чырактар төмөнкү кесилиштерге орнотулат:

Л.Толстой көчөсү – М.Ауэзов көчөсү;
Профсоюзная көчөсү – Бородина көчөсү;
И.Ахунбаев көчөсү - К.Тыныстанов көчөсү;
Шералиев көчөсү - Куюкова көчөсү;
Салиева көчөсү - Буденный көчөсү;
Манас көчөсү -Кокчөтай көчөсү;
Сухэ-Батор көчөсү -7-Апрель көчөсү.

Белгилей кетсек, жарандардын келип түшкөн кайрылуулардан улам И.Ахунбаев жана К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жол чырак объектисинде аудио коштоочу аппарат (ЖБК) орнотулат.

Маалымат үчүн: быйыл борбор калаага 31 жаңы жол чырак орнотулуп, жыл аягына чейин дагы 11ин орнотуу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан