Ошто жана Ысык-Көлдө арзан көмүр сатыла баштады (даректери)

"Кыргыз көмүр" ишканасы Ош жана Ысык-Көл облустарында арзан көмүр сатыла баштаганын билдирди.

Маалымдалгандай, Ош облусуна "Загара" көмүр кенинен ташылып келген кара алтындын бир тоннасы 4800 сомдон, ал эми Ысык-Көл облусуна Кара-Кечеден ташылып келген көмүрдүн тоннасы 4000 сомдон сатыла баштады.

Көмүр алууну каалагандар төмөнкү даректерге кайрылса болот:

Ош шаары боюнча:

  • Бирлешкен айылы;
  • Жапалак айыл өкмөтү;
  • Туран кичи шаарчасы;
  • Амир-Темир кичи шаарчасы.

Ысык-Көл облусу боюнча:

  • Чолпон-Ата шаары:
  • Промзона кичи району; (ПМК 107)
  • Ысык-Көл району,Темир айылы
  • Иманалиева М.көчөсүндө сатылууда.

Эске салсак, буга чейин Кара-Кече көмүр кенинен 2022-жылдын август айынан ноябрга чейин 555 миң тонна көмүр казылып чыкты. Анын ичинен 317 миң тонна калкка, 295 миң тонна Бишкек ЖЭБге ташылды.

Учурда Бишкекке тоннасы 4000 сомдук көмүр темир жол аркылуу вагон менен ташылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан