Кызыл-Кыяда тартип бузган өспүрүмдөрдүн ата-энелерине айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милициянын балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
"Интернет оюн-зоок жайлары текшерүүгө алынып, саат 19:00дөн кийин өспүрүмдөрдү киргизбөө эскертилди. Ошондой эле шаар аймагындагы дүкөндөрдүн сатуучулары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өспүрүмдөргө тамеки, насвай жана спирттик ичимдиктерди сатпоо милдеттендирилип, мыйзам алдындагы жоопкерчиликтери менен тааныштырылды", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын жыйынтыгында, укук бузган 4 өспүрүм аныкталып, Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, ата-энесине айып пулдар салынганы кошумчаланды.