Бишкектеги Киев көчөсү толугу менен реконструкция болот

Бишкек шаарындагы Киев көчөсү толугу менен реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу Мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор жаңы келе турган электробус, автобустарга ылайыкталып жасалат.

"Киев көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Султан Ибраимов көчөсүнө чейин реконструкциядан өтөт. Анда заманбап жол чырактар орнотулуп, бардыгы заманбап болот", - деди Нусувалиев.

Ал билдиргендей, 1 айдын ичинде Бишкекке жаңы автобустар алынат. Ошондой эле ал маршруттук таксинин айдоочулары дагы жумушсуз калбаарын белгиледи. Нусувалиев маршруттук таксилер жаңы конуштарга жана буга чейин барбаган калктуу конуштарга жөнөтүлөрүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан