Бишкек шаарына алынып келе турган 120 электробуска жол кире азыркыдай эле 11 сом болот. Бул тууралуу Мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев бүгүн, 15-ноябрда өткөн маалымат жыйында айтты.
"Автобуста, троллейбуста жүрүү учурда 11 сом. Бул ушул бойдон калат. Электробустарга дагы жол кире 11 сом болот", - деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарына 120 электробус ушул жылдын аягына чейин алып келинет.