Жакынкы арада мектеп автобустарын киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирет
Жакынкы арада мектеп автобустарын киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирет. Бул тууралуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев маалымат жыйында айтты.
"Жеке мектептердин окуучуларын ташыган "School Bus LLC" жеке ишканасы менен биргеликте долбоор башталды. Бүгүн мектеп автобустары кайсы каттамдар менен жүрөрүн талкууладык. Кийинки жумада 2 автобус иштей баштайт. Алгачкы этапта 5-7 мектепти камтууну пландап жатабыз. Жол киренин өлчөмү мектеп жетекчилери менен ташуучунун ортосунда сүйлөшүлөт", - деди Нусувалиев.
Белгилүү болгондой, долбоордун жыйынтыгы жакшы болсо башка мектептер да тартылып, мектеп автобустарынын саны көбөйтүлөт.