17-ноябрда Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын маалыматында айтылат.
Ага ылайык, саат 9:00дөн 20:00гө чейин Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волковой, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу убактылуу болбойт.
Мындай чектөө "Киркомстромдо" суу алгычындагы жана шаар түтүктөрдөгү оңдоо иштерине байланыштуу киргизилген.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.