Эмгек министри Кытайдын БУУдагы өкүлү менен жолугушту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Кытайдын БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун (ФАО), ИФАД (Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Римдеги туруктуу өкүлү Гуанг Дефу менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, тараптар кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Анда министр кызматташуу үчүн потенциалдуу чөйрөлөр - айыл чарба, экономикалык өз ара аракеттенүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери экенин белгилеген.

"Кыргызстанда ушул жылдан баштап жакырчылыкты жоюунун жаңы активдүү чарасын – социалдык келишимди киргизүү башталды. Аны аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен келишим түзүп жатып, мамлекет чакан бизнес ачууга 100 миң сомду бекер берет. Бул жагынан алганда, биз жакыр үй-бүлөлөр үчүн акчалай насыя программаларын ишке ашырган Ден Сяопиндин жолун жолдойбуз", - деди Базарбаев.

Ал эми Гуанг Дефун Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан социалдык коргоо жана жакырчылык менен күрөшүү программаларына кызыгуусун билдирди.

"Кытай Эл Республикасы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана күчөтүүгө үмүттөнөт. Биз экономикалык жана соода чөйрөлөрүндө эки тараптуу мамилелерди күчөтүү - Win win принциби боюнча кызматташууга ачыкпыз", - деген ал.

Ошону менен бирге ал жакырчылыкты жоюу жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жаатында күчтүү изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Кытайдын айыл чарба жана илим академиясы менен кызматташуу боюнча диалог ачууну сунуш кылды.

Жолугушууда активдүү чаралар боюнча долбоорлорду жана жакырчылыктан чыгуу программаларын ишке ашыруу үчүн техникалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан