Жаан, кар жаайт. 16-ноябрга карата аба ырайы

Эртең, 16-ноябрда өлкө аймагында жаан жана кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан нөшөрлөп жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3 +2, күндүз -1…+4;

Талас облусунда түнкүсүн -3… +2, күндүз 0…+5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1… +6, күндүз +3….+8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6,

Бишкек шаарында 16-ноябрга караган түнү жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 0…+2 жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан