Бүгүн, 15-ноябрда Кант шаарында жаңы форматтагы биринчи калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, жаңы калкты тейлөө борбору жарандарга жана кызматкерлерге ыңгайлуу болуш үчүн зарыл болгон бардык жабдыктар менен камсыздалган. Ошол эле учурда анда маалымдама кызматы, нотариус, касса, кенен эки күтүү залы, сүрөт, эне жана бала бөлмөлөрү каралган.
Капиталдык оңдоого Ысык-Ата районун өнүктүрүү фонду жана "Инфоком" ишканасынан 8 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ал эми 3 милллион 500 миң сомдон ашуун каражатка эмерек жана жабдуулар сатып алынган.