Төө-Ашуу жана Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Бүгүн, 15-ноябрда саат 16:30дан баштап Төө-Ашуу жана "Сосновка" постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мекемесинен билдиришти.

Ага ылайык, чектөө жасалма тыгындарды болтурбоо максатында киргизилген. Ошондой эле аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин күчүндө болот.

"Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы өйүзүнө токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошонун негизинде аларга чектөө киргизилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан