Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды.
Ага жети депутат "макул" деген добуш берди. Алар:
- Улан Примов
- Лейла Лурова
- Чолпон Султанбекова
- Жылдыз Таалайбек кызы
- Улан Бакасов
- Ырысбек Атажанов
- Шайлообек Атазов
Ага чейин беш депутат келишимге каршылык билдирип, жыйын залынан чыгып кетишти.
Алар:
- Адахан Мадумаров
- Чыңгыз Айдарбеков
- Нуржигит Кадырбеков
- Нилуфар Алимжанова
- Талант Мамытов
Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы айрым жерлерин ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Айыл чарба министрлиги даярдаган.
Баяндама жасоого УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келери айтылган. Бирок анын ордуна Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев маалымат берди.
Аталган келишимдер эми парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.