Бүгүн, 15-ноябрда Ысык-Ата районунун мурдагы акими Нуралы Курмантаев 67 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Курмантаев Нуралы Шакенович 1955-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында туулган.
Ал 1993-1995-жылдары, 1995-1999-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2002-2005-жылдары Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болгон. 2020-2021-жылдары Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими болуп иштеген. 2021-2022-жылдары Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп эмгектенген.
2022-жылдын октябрь айынан тартып Ош облустук Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-ноябрь күнү Ош шаарында өтөт.