Бишкекте эки мектепте кичи футбол аянтчаларынын ачылышы болду

Бишкек шаарындагы эки мектепте кичи футбол аянтчалары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Калыс-Ордо конушунун №86 мектебинде жана Мурас-Ордо конушунун №99 мектебинде жаңы кичи футбол аянтчаларынын ачылышы болду.

Ачылыш аземге Биринчи Май районунун акими Максатбек Сазыкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, БШКнын депутаттары Казыбек Эргешов, Максат Алымбеков, Мийзамидин Калыков, Таалайбек Сариев, Гүлназ Халилова, Улан Сариев, мектеп директорлору жана конуштун жашоочулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кичи футбол, волейбол, аркан тартыш, шахмат, армрестлинг, жеңил атлетика боюнча спорттук мелдештер өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан