Энергетика министринин орун басары болуп Мирлан Жакыпов дайындалды. Бул тууралуу министрликтен маалымат таратышты.
Кабарлангандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, буга чейин ал "Кыргызкөмүр" ишканасынын директору болчу.