Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясында оор жаракат алган Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Самат Курманкуловго жардам катары депутаттардын бир күндүк маянасын которуу сунушталууда. Мындай сунушту депутат Жеңишбек Токторбаев айтты.
"Кой-Таш окуясында жабыркаган генералыбыз Самат Курманкуловго барып келдик. Акыбалы абдан начар экен. Баарлашсак аябай ыйлады. Кыйналганын айтып жардам сурады. Эгер депутаттарыбыз макул болсо, бир күндүк айлык маянабызды Самат Курманкуловго жардам катары бергенди сунуш катары киргизет элем", - деди Токторбаев.
Самат Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы ооруканага алып кетишкен.