ТИМ башчысы Европанын гуманитардык жардам боюнча комиссары менен жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европанын гуманитардык жардам жана кризисти башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич менен жолугушту. Маалыматты министрликтен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуу кечээ, 15-ноябрда Брюсселде орун алган.

Анда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алышты. Ошону менен бирге кризистик көрүнүштөргө каршы туруу жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кризистик шарттарда эффективдүү иштеши үчүн потенциалын чыңдоо жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министр Кулубаев Кыргызстандын уран калдыктарын сактоочу жайлардын коопсуздугун камсыздоо боюнча аракеттери тууралуу маалымат берип, радиоактивдүү калдыктар менен күрөшүүдө колдоо өтүнүчүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан