“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айлык акыларын көтөрүштү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамырканов бүгүн, 16-ноябрда өткөн маалымат жыйында билдирди.
"Кечээ эле мэр кызматкерлердин айлыгын 7 миң сомго көтөрүүнү тапшырды. Буга чейин 25 миң сомдой акча алышса, азыр 32 миң сомдун тегерегинде алышат", - деди ал.
Анын айтымында, учурда "Тазалык" ишканасында 1 жарым миңден ашуун адам иштейт. Өз кезегинде жетекчиликке кызматкерлерди кармап калуу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.