Жыйындарга катышпаган депутаттардын айлык маянасы кыскартылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин жыйынында айтты.
"Урматтуу депутаттар! Сиздерге маалымат иретинде айтып койсом, ушул жумадан баштап Жогорку Кеңеште тартипти өзүбүздөн баштайбыз. Катталып коюп ишке келбей жүргөн депутаттарыбыз бар. Жүйөлүү себеби жок келбей койгон депутаттардан Эмгек кодексине ылайык 8 саат иш тартибин толук текшерип, талап кылабыз. Эгерде ар кандай шылтоо менен жыйынга катышпаган депутаттардын эмгек маянасын мыйзамдын чегинде кыркабыз", - деди Шакиев.