Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кар калың жаап, бороон болууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, кардын калыңдыгы 25 сантиметрге чейин жетет.
Тиешелүү кызматкерлер тарабынан жолдорду кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүрүп жатат.
"Жолдун көрүнүшү начар. Бишкек-Ош унаа жолунун 132-136-тилкесинде өтүү бир гана Ош багытына жүргүзүлүүдө. Жеңил унаалар үчүн жол кыймылы татаал. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондуктан ашуу аймактарына чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, кар чынжырчаларын алып жүрүү сунушталат.