Түнкүсүн кар жаайт. 17-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 17-ноябрда өлкө аймагында түнкүсүн кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолордо кар жаайт.

Ал эми күндүз Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан, тоолордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз +2…+7;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 суук, күндүз +4…+6 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан