Эртең, 17-ноябрда борбор калаанын бир бөлүгүндө таза суу болбойт. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, таңкы саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин бир катар көчөлөрүндө таза суу берүү токтотулат.
Тагыраагы: Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волковой, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу убактылуу берилбейт.
Ишканадан кошумчалашкандай, бул убакытта "Киркомстром" суу алгычындагы жана шаар түтүктөрдөгү оңдоо иштери жүргүзүлөт.