
Ош шаарынын аймагында "Тилемчилик" аталышындагы профилактикалык иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ага ылайык, анда милиция кызматкерлери тилемчилер жүргөн жерлерден сырткары жертөлөлөрдү, жер астындагы өтмөктөрдү, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын текшерүүгө алып жатышат.
Өзгөчө жашы жетелек балдардын тилемчилик жасап жүргөндөрү болсо социалдык жактан коргоо мекемелери аркылуу аларга жардам берүү маселелери каралат. Эгерде ата-энелери же башка адамдар аркылуу тилемчиликке мажбурлоо болуп жаткан болсо, андай адамдарды тез арада тиешелүү жоопкерчиликке тартуу каралууда.
"Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна маалым болгондой, шаар аймагында тилемчиликти кесипке айлантып алган жана ар кандай шылтоолорду айтып жардам сурап жүргөн адамдардын саны көбөйүп бара жатат. Бул өз кезегинде шаарыбыздын башка коноктордун алдында кадыр-баркына доо кетирип, негативдүү пикир жаралышына себеп болуп жатат. Мына ошондуктан Ош шаардык милициясы тынымсыз ушул сыяктуу алдын алуу иш-чараларын өткөрүүнү улантууда", - деп жазылат билдирүүдө.